Ян Непомнящий – Дин Лижэнь 3-партияда тең чыкты

Ян Непомнящий – Дин Лижэнь 3-партияда тең чыкты

Үчүнчү оюнда атаандаштар тең чыгууга канааттанышты. Алар 30 жүрүштө бул жыйынтыкка макул болушту. Ошентип, Ян Непомнящий 2:1 эсебинде алдыда баратат. Эске салсак, биринчи оюн да тең чыгуу менен аяктап, экинчи оюнда орусиялык шахматчы жеңишке жеткен. Төртүнчү жыйын бүгүн өтөт. Жалпысынан 14 партия мерчемделген. 7 упайдан ашык топтогон шахматчы дүйнө чемпиону болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков