Бириккен Улуттар
Уюму Казакстанга суу тармагы үчүн IT-өнүм жана жаңы Суу кодексин иштеп чыгууга
жардам берүүгө даяр. Суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов БУУнун
өнүктүрүү программасынын Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар суу
тармагын санариптештирүү, автоматташтыруу жана башка маанилүү маселелерди
талкуулашты. Уюмдун өкүлдөрү Түркиядагы аймактык өкүлчүлүгүнөн техникалык
адистерди жиберип, ата мекендик дизайнерлер менен инженерлер үчүн кеңешүү жараянын
баштай турганын билдиришти. Ошондой эле, Нуржан Нуржигитов Казакстан менен
коңшу мамлекеттердин ортосунда суу ресурстары боюнча маалымат алмашууну
камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.
Нуржан Нуржигитов,
суу ресурстары жана ирригация министри:
-Азыр биздин
министрликтин алдында бир нече милдет турат. Биринчи кезекте суунун корун
топтоо, андан кийин сууну үнөмдүү пайдалануу керек. Мындан тышкары, ным
чогултуучу технологияларды колдонууну пландап жатабыз. Азыр биз Суу кодексин
жана 2030-жылга чейин Казакстан Республикасынын суу ресурстарын натыйжалуу
пайдалануу концепциясын түзүп жатабыз. Бул эки тарап тең өнөктөш боло ала
турган аймактар. Сууну үнөмдөөгө келгенде биринчи кезекте биздин
гидротехникалык түзүлүштөрдү жана ирригациялык системаларды санариптештирүү
жана автоматташтыруу маселеси чечилиши керек. Ошондуктан жалпы кызыкчылык үчүн
өз ара өнөктөштүктү бекемдөө абдан маанилүү. Себеби, жыл өткөн сайын суу
ресурстары маселеси курчуп баратат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков