Астанада Казакстандын Конституциясы брайл тилинде жарык көрдү. Баш мыйзамдын тексти бардык жарандарга жеткиликтүү
болушу үчүн өкмөттүн демилгесинин алкагында атайын басылма чыгарды. Иш-чаранын
жүрүшүндө жаңы Конституцияга арналган почта маркасы көпчүлүккө тааныштырылды. Иш-чара илимий-практикалык
конференциянын алкагында өттү. Анын катышуучулары Баш мыйзамдын укуктук
системаны өнүктүрүүдөгү, конституциялык мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү,
жарандардын укуктарын коргоодогу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодогу
ролун талкуулашты.
Кенжегүл Сейтжан, VIII чакырылыштагы Казакстан
Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты:
– Мен текстти брайл шрифти менен казак жана орус тилдеринде окуп чыктым. Бул абдан сонун. Мен чындап бактылуумун, анткени эми бардык казакстандыктар, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер да өлкөнүн баш мыйзамы менен тааныша алышат. Бул өзгөчө маанилүү, анткени Конституция адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин, аларды коргоонун кепилдиктерин жана мыйзам алдында бардыгынын теңдигин бекемдейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

