Полимер чопо, фарфор кийиз жана кездемеден жасалган куурчактар. Алматыда Казакстан менен КМШ чеберлеринин түрдүү техникаларда жасалган 150дөн ашык көркөм чыгармалары коюлду. Азыр бул жерде «Asia Doll» автордук куурчактарынын эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат. Белгилей кетсек, өлкөдө бул салттуу иш-чара 5-жолу уюштурулду. Авторлордун айтымында, бир куурчак жасоого бир жумадан бир нече айга чейин убакыт кетет. Ошондуктан, чеберлер жараткан чыгармалар көбүнчө бир нускада иштелип чыгат. Мындай уникалдуу чыгармалардын арасында "Жибек жолунун алтын доору" аттуу экспозиция орун алган. Тарыхтан кабар берген топтомодо камтылган куурчактар агымы маданий мурастарды жаңыртып, улуттук өзгөчөлүктү баса белгилейт. Бүгүнкү күндө ата мекендик чеберлердин ушул сыяктуу эмгектери дүйнө жүзү боюнча галереяларда жана жеке коллекцияларда сакталуу турат.
Татьяна Семенова, көргөзмөнүн уюштуруучусу:
– Чеберлер жибек кездемелер, асыл таштар болгон мезгилде адамдардын кандай кийингенин, тандоосу кандай болгонун жана кездеме менен кантип иштегенин көрсөтүүгө аракет кылышкан. Мунун баары уникалдуу өнөр чыгарма,баары тарыхтан кабар берип турат. Ар биринин өзүнүн темасы менен аткарылган техника аянтчасы ар түрдүү. Акыркы жылдары биздин өлкөдө өтө ар түрдүү өтүп жатат. Казакстанда теңдеши жок куурчак чеберлеринин көргөзмөсү десе болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков