Алматыда кампа обьектилеринин саны эки эсеге артты

Алматыда кампа обьектилеринин саны эки эсеге артты

Алматы логистикалык борборго айланууда. Мегаполисте жүк кампаларынын курулушу активдүү жүрүп жатат. 2027-жылы алардын саны эки эсеге көбөйөөрү болжолдонууда. Бул Bright Rich CORFAC International серепчилеринин эсептөөлөрүнө негизделген божомол. Быйылкы жылдын акырына чейин 105 мин чарчы метр складдык объектилер пайдаланууга берилет. Бул өткөн жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу  75%га көп. Ал эми 2025-жылы жаңы кампа аянттарын эксплуатациялоо көрсөткүчү 285 миң чарчы метрге жетет. Бул 2024-жылга караганда эки эсеге көп. Божомолдорго ылайык, 2024-2027-жылдары Алматы шаарында жана Алматы облусунда 700 миң чарчы метр кампа объектилери курулат. Адистердин айтымында, учурда мегаполисте 760 миң чарчы метр жер бар. Ал эми массалык курулуш бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков