Казакстанда автотранспорттук өткөрүү пункттарын толук жаңылоо уланууда. Бүгүнкү күндө Кытай, Өзбекстан жана Түркмөнстандын чек арасындагы 9 көзөмөл өткөрүү пункту жаңыланып жатат. Быйылкы жылы андагы иштерди бүтүрүү пландалууда. Бул чаралар чек арадан өтүү убактысын болжол менен 30 мүнөткө чейин кыскартат деп күтүлүүдө. Ал эми кийинки жылдан 2030-жылга чейин дагы 30 өткөрүү пунктун реконструкциялоо көздөлүп жатат. Модернизациялоонун натыйжасында алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына эки эсеге, 100 миңден 200 миңге чейин көбөйтүлөт. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө мамлекеттик чек араны бойлото 52 өткөрүү пункту жайгашкандыгын белгилей кетүү керек. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек арасы боюнча бардык 10 автомобилдик посттордо автоматташтырылган электрондук кезек системасы киргизилген. Аны киргизүү республикалык маанидеги жолдордо транспорттун топтолушун болтурбоого мүмкүндүк берип, жеткирүү жараянынын ачык-айкындуулугун камсыз кылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

