Казакстан
Европа менен Азиянын ортосундагы негизги транзиттик хаб макамын бекемдөөдө.
Өткөн жылы өлкөнүн
аймагы аркылуу 37 миллион тоннага жакын жүк ташылды. Бул 2024-жылга
салыштырмалуу дээрлик 7%га көп. Өсүш бардык транспорт түрлөрү – автоунаа, темир жол, авиация жана
суу аркылуу камсыздалды. Автоунаа
жол тармагы масштабдуу өнүгүүгө ээ болду. Мисалы, рекорддук 13 миң чакырым жол курулуп, оңдолду.
Мындан тышкары, 2027-жылдын аягына чейин 37 өткөрүү пунктун модернизациялоо
пландаштырылууда. Темир жол инфраструктурасы да активдүү өнүгүүдө. Өткөн жылы
320 миллион тонна жүк ташылып, «Достык – Мойынты» экинчи линиясы ишке киргизилди,
124 вокзал модернизацияланып, «Мойынты
– Кызылжар» линиясынын курулушу башталды. Транзит географиясы авиация тармагында да кеңейүүдө. Өткөн
жылы 35тен ашык жаңы эл аралык каттам ачылып, Европа жана Азияга каттамдар
кайра жанданган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

