ЕРӨБнын Казакстанга бөлгөн каражаты рекорддук көрсөткүчкө жетти

ЕРӨБнын Казакстанга бөлгөн каражаты рекорддук көрсөткүчкө жетти

Казакстан мындай кадамы менен каржы институту эң эффективдүү иштеп жаткан үч мамлекеттин катарына кирди. Айта кетсек, банктын жаңы жылдык капиталдык салымдары 525 миллион долларды түздү. Алар 14 долбоорду ишке ашырууга жумшалмакчы. Алардын көбү, тагыраак айтканда, 60%ы - жашыл тармакка. Кол коюлган долбоорлордун алкагында ЕРӨБ башка инвесторлордон дээрлик 260 миллион доллар тартып, Казакстандын реалдуу секторуна 785 миллион доллар багыттаган. Кошумчалай кетсек, өткөн жылдан бери ЕРӨБ республика боюнча жаңы стратегияны бекиткен. Ал 5 жылга эсептелген жана өлкөдөгү каржы институтунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт. Ал Казакстандын көмүртектүү нейтралдуулукка өтүүсүн колдоо, жеке сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, транспорттук байланыштарды жакшыртуу жана экономиканы башкарууну бекемдөө сыяктуу тармактар боюнча жүзөгө ашырылат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө банк өлкөгө 10 миллиард 700 миллион доллардан ашык инвестиция салган. Алар 300дөн ашык долбоорду ишке ашырууга жумшалган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков