SILK WAY STAR: Долбоор жөнүндө калыстар тобу

SILK WAY STAR: Долбоор жөнүндө калыстар тобу

Евразиянын чок ортосунда жайгашкан Астана шаарында 12 өлкөдөн келген артисттер Silk Way Star уникалдуу вокалдык шоусунда эл аралык калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн алдында өз таланттарын көрсөтүү үчүн чогулушту. Бул долбоордун масштабдуулугу жөнүндө бардыгы айтып жатат. Көп сандаган чыгармачыл топ, чоң студия жана албетте, негизги окуялар болуп жаткан сахна. Калыстар тобунун мүчөлөрүнө чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Катышуучулардын тагдыры аларга көз каранды. Баалоонун ачык-айкындуулугу жана калыстыгы үчүн калыстар тобу өз өлкөсүнүн катышуучуларына добуш берүүгө укугу жок экенин белгилей кетүү керек. Бул система, ошондой эле ар кайсы мамлекеттерден келген көрүүчүлөрдүн акыркы добуш берүүсү, анда чечим тең кабыл алынат - 50 пайызы калыстар тобунан жана 50 пайызы онлайн аудиториядан, бир жактуулукту жокко чыгарат жана шоуну чындап эл аралык кылат. Чечүүчү этапка эң мыкты жети гана аткаруучу калат. Алар башкы байге - Silk Way Star титулу жана өз чыгармачылыгын дүйнөлүк сахнада көрсөтүү мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшөт.

Парвина Шухуруллаева, Silk Way Star долбоорунда калыстар тобунун мүчөсүТажикистан:

- Катышуучулардын баары мыкты, баарынын үнү бийик, артистизми күчтүү, вокалдык мүмкүнчүлүктөрү укмуш. Биз бул жерде баарыбыз ушунчалык ынак болуп, достошуп кеттик, калыстар тобунун мүчөлөрү жана катышуучулардын өздөрү, биз бир чоң жана ушундай мээримдүү үй-бүлө болуп калдык. Албетте, биздин катышуучу Фахриддин Хакимов үчүн тынчсызданып жатам, бул Тажикстандан келген катышуучу, мен аны чынында эле татыктуу деп эсептейм, анын вокалы сонун. Баарына ийгилик каалайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков