Каада-салт менен заманбап өнөр айкалышкан көргөзмө ачылды

Астанадан байыркы каада-салттар менен заманбап маданий жанрлардын айкалышын көрүүгө болот. Улуттук музейде “Салттар өнөрү” эл аралык көргөзмөсү ачылды. Долбоор казак жана чет элдик авторлордун видеоарт, арт инсталляция, фотосүрөт, арт-спектакль сыяктуу заманбап искусствонун бир нече багыттары боюнча эмгектерин камтыйт. Авторлор эски континенттин заманбап маданиятын казак салтына айкалыштыруу аркылуу муундарга улануусун чагылдыргысы келген. Улуттук музей жана Швейцариялык арт компаниясынын демөөрчүсү болгон инсталляцияда италиялык фотограф Габриэле Галимберти менен австриялык сүрөтчү Норберт Брюннердин эмгектери жана «Adyr Aspan» чыгармачыл тобунун видео-арт перформансы сунушталды. Маселен, италиялык фотограф “Анын ашканасында” («In her Kitchen») фотодолбоорун ишке ашыруу үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн чек арасын кесип өтүп, көрүүчүлөргө ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук тамактарынын сырлары менен тааныштырды.

Габриэле Галимберти, фотограф: 

– Менин долбоорлорум чоң апама байланыштуу. Анткени кайсы мамлекетке барбайын ал адам “эмне ичип, эмне жеди” деп тынчсызданчу. Ошондуктан мен ага тамактарымдын сүрөттөрүн жөнөтчүмүн. Кийинчерээк кээ бирөөлөр меймандостук көрсөтүп, үйлөрүнө чакырышты. Алар менен бирге улуттук тамак-аштарды жасачумун. Булардын баарын сүрөткө, видеого тартып жүрдүм.

Ольга Даниэле, Көргөзмөнүн уюштуруучусу: 

– Биз түпкүлүктүү жана заманбап искусствонун айкалышын түзүп, келечекке жол көрсөтүүчү катары жөнөтөбүз. Бул процесстен ырахат алдым десем жаңылышпайм. Бул долбоор Казакстанда башталганына абдан кубанычтамын. Себеби, бул  өзүнүн салттарын абдан баалаган өлкө. Көргөзмөнүн аталышы бекеринен «Каада-салт өнөрү» деп аталган эмес. Дал ушул бай маданият Казакстанды кайталангыс өлкө кылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков