Спектаклди Габит Мусирепов атындагы мамлекеттик балдар жана өспүрүмдөр театрынын артисттери аткарышты. Бул режиссёр Фархат Молдагалинин Орусиянын борбор калаасынын сахнасындагы биринчи эмгеги. Спектакль казак адабиятында атагы чыккан Ильяс Жансүгировдун Акан сериясы жана анын шамалдай чуркаган Кулагер аты жөнүндөгү поэмасынын негизинде коюлган. Көрүүчүлөр казак командасынын актёрдук чеберчилигине, спектаклдин режиссёрдук идеясына, сценографиясына жогору баа беришти.
Виолетта Орлова, Москва шаарынын тургуну:
- Спектакльден ушунчалык таасирленип, ыйлап да алдым, азыр да өзүмө келе албай турам. Бул спектакль орус тилине которулбай, казак тилинде коюлганы туура болду деп ойлойм. Анткени, мындай сулуулукту эне тилде сезүү керек. Спектакль аркылуу башка улуттун маданияты менен тааныштык. Мындай өнөктүк алдыда дагы уланат деп ишенем.
Белгилей кетсек, спектакль Чехов атындагы XVI Эл аралык театралдык фестивалдын алкагында көрсөтүлдү. Түрдүү мамлекеттердин спектаклдери бугу айынан тогуздун айына чейин көрсөтүлөт. Программада классикалык спектаклдер, көчө театры, мастер-класстар, Москва, Воронеж жана Екатеринбург шаарларында сүрөт көргөзмөлөрү бар.
Фархат Молдагали, режиссёр:
- Бул дүйнөлүк деңгээлдеги чоң фестиваль, биз үчүн чоң дүйнө. Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери бул фестивалга биринчи жолу катышууда. “Кулагер” спектакли улуттук фольклор, улуттук салт, улуттук кодго негизделип коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков