Казакстан менен Кытай айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрөт

Казакстан менен Кытай айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыктын эң динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири – айыл чарбасы. Кытай үчүн негизги өнөктөш – Казакстан, ал рынок үчүн сапаттуу дан, ун жана майдын ишенимдүү булагы болуп саналат. Бул тууралуу кытайлык «Айцзюй» компаниясынын өкүлдөрү билдиришти. Алар дээрлик он жылдан бери казакстандык аграрчылар менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууда.

Чжипин Лю, «АЙЦЗЮЙ» ЖЧК башкы мүдүрүнүн орун басары:

- Биз азыр Казакстандан күн карама майын өндүрүү үчүн күн карама импорттойбуз. Сиздердин өлкөдөн биз негизинен күн карама, рапс, зыгыр майы, ошондой эле дан эгиндери үчүн чийки зат алабыз. Жеткирүүлөр өлкөнүн түндүгүнөн, Костанай жана Акмола облустарынан келет. Бизде казакстандык чийки заттан май өндүрүүнүн үлүшү болжол менен 50-60%ды түзөт. Бул жыл сайын болжол менен 2-3 миллион тонна таза өнүм дегенди билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков