Казакстанда ушул жылдын аягына чейин курулуш тармагын толук көзөмөлдөгөн бирдиктүү маалыматтык система ишке кирет. Жалпы платформада бардык порталдар бириктирилет. Башкача айтканда, бир аянтчада «бирдиктүү терезе» принциби боюнча курулушту пландаштыруудан баштап объектилерди пайдаланууга берүүгө чейинки бардык актуалдуу маалыматтар чогултулат. Өкмөттө Казакстандын курулуш тармагынын санариптик эко-тутумун түзүү маселелери каралды. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөнүн инженердик инфраструктурасынын 90%дан ашыгы санариптик моделге өткөрүлдү. Азыр 89 шаарда уруксат документтерин, техникалык шарттарды берүү аралыктан жүргүзүлөт. Үлүштүк курулуштун бирдиктүү тизмеси түзүлдү. Мындан ары жаңы курулуп жаткан имараттын баштапкы долбоорунан жана куруу максатынан четтебөө үчүн объектке уникалдуу номер киргизилет. Мыйзамсыз курулушка каршы күрөштө жасалма интеллектти керекке жаратуу көздөлүп жатат.
Куандык Кажкенов,
Өнөржай жана курулуш вице-министри:
- Шаар куруу
долбоорлоруна карама-каршылыктардын фактылары аныкталган учурда система зарыл
чараларды көрүү үчүн мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органдарына
жиберилет. Бул технология талап кылынган документтерсиз мыйзамсыз курулушту
аныктоонун кошумча куралы болуп калат. Биз бул пилоттук долбоорду 2025-жылы
бүтүрүүнү пландап жатабыз. 2026-жылы аны мыйзамдык жактан бекемдөө жана
аймактарга жайылтуу каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

