Жыл аягына чейин жүк ташуу 300 млн тоннага жетет

Жыл аягына чейин жүк ташуу 300 млн тоннага жетет

Жыл аягына чейин Казакстанда жүк ташуу көлөмү 300 миллион тоннага жетет. 2023-жылдын башынан бери бул көрсөткүч 246 миллион тоннаны түздү. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин башчысы Марат Карабаев маалымдады. Анын айтымында, жакынкы жылдары 1300 чакырымдан ашык темир жол курулушу башталат. Атап айтканда, «Достык – Мойынты», «Бакты – Аягөз», «Дарбаза – Мактаарал» тилкелери менен Алматыны айланып өтүүчү жолдор. Муну менен катар, колдонуудагы темир жолдорду оңдоо, жаңы локомотивдерди жана вагондорду сатып алуу, станциялар менен бекет комплекстерин жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков