Астанада өзгөчө фото сүрөттөр көргөзмөсү өттү

Астанада өзгөчө фото сүрөттөр көргөзмөсү өттү

Астанада «Объектив аркылуу көз караш» аттуу фото-техника көргөзмөсү ачылды. Анда платина, проекция жана санариптик техникалар тааныштырылды. Президенттик борбор менен Түндүк-Казакстан облусттук музей бирикмеси уюштурган бул көргөзмөгө 53 уникалдуу экспонат коюлду. Ар бир камеранын жанында анын качан чыкканы менен башка да толук кандуу маалыматтар жазылган. Алардын сырткы көрүнүшү гана эмес, сериясы жана техникалык мүнөздөмөлөрү да ар түрдүү. Мисалы, алгачкы фотоаппараттар жыгачтан жасалгандыктан оор жана чоң болгон. Көргөзмөдө мындан тышкары тасма, лампалар, жарык обьектилери, өлкөдө фотоиндустриянын калыптанышы боюнча архивден алынган документтерди көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, музейлерге экспонаттардын бир бөлүгүн казакстандыктар белекке берген. Кээ бирлери илимий-изилдөө иштеринин жүрүшүндө табылган.

Белгилей кетсек, көргөзмө Казакстандын илим кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлдү.

Ботагөз Каипова, Президенттик борбордун  мүдүрүнүн орун басары: 

– Казакстанда 20-кылымдын башында Бөкей ордосунун 100 жылдыгына карата алгачкы сүрөт тартылган. Николай II падыша Бөкей Ордосунан казак делегациясын чакырган кезде, биздин султандарга фотоаппарат тартуулашкан. Муну менен катар, делегацияга фотоаппараттын бардык керектүү заттары берилип, кандай сүрөт тартуу керектигин үйрөтүп, нускама берген. Ошентип биринчи фотоаппарат Бөкей ордосуна  алынып келинип, алгачкы сүрөттөр тартыла баштаган.

Меирбек Тажкуранов, фотограф: 

– Фотосүрөт бул чоң илим. Аны менен катар эле фотосүрөттөр эмес, башка бир нече жанрлар да тез өнүгө баштады. Алардын айрымдарын атап өтүүгө болот: кинематография, полиграфия, басма иши, журналистика — бул аз гана бөлүгү. Илгери адамдар кассеталарды алып, сүрөттөрдү белгилүү бир химиялык заттарды колдонуу менен бөлүп алып, изилдешчү. Белгилүү бир кадрды көрүп, аны тартып калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз болгон. Себеби, адам эмне тартып жатканын көргөн эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков