Казакстандык аскер кызматкери
Жеңиштин мааракесине карата 80 чакырымга чуркады. Тимур Ержанов бул аралыкты 7
саат 21 мүнөт 11 секундда басып өттү. Жолдо аны жоокер жолдоштору коштоп
жүрүшкөн, бирок жолдун көбүн жалгыз басып өткөн. Финишке жеткенде сержантты
анын командасы жана үй-бүлөсү тосуп алды. Тимур Ержанов муну менен эле токтоп
калбастан, жаңы аралыкты пландап жатат. Бул жолу туулган айылы Жаңы-Аркадан
Карагандыга чейин 200 чакырымды чуркап өтмөкчү.
Тимур Ержанов, Коргоо
министрлигинин сержанты:
- Бирдин айынан бери даярдандым, 15
күн эс алууда болдум. Ошол убакытта күндө 10 чакырым чуркап жаттым. Күн сайын
үйдөн жумушка жөө келдим. 80 чакырымды басып өтүү оңой болгон жок. Эми,
биринчиден, колбашчы, аскер бөлүгүнүн командири колдоду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

