Димаш Казакстандын алтын үнү. Дал ушундай аталыш менен Индонезиянын борборунда өткөн маданий иш-чарада Димаш Кудайбергендин ырлары ырдалып, өнөрпоздун күйөрмандары өздөрүнүн фан-клубунун мааракесин белгилешти. 2017-жылы түзүлгөн фан-клубда 10 миңдей адам бар. Алардын айрымдары казак тилин үйрөнүшкөн. Атүгүл анын күйөрмандарынын бири «Эңлик-Кебек» поэмасынын кыскартылган нускасын окуп, Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арнады. Белгилей кетсек, бул жолугушуу Казакстандын элчилиги менен Индонезиянын Улуттук китепканасы тарабынан уюштурулду. Мындан тышкары, бул жерде Казакстанга арналган көргөзмө ачылды. Келген коноктор өлкөнүн маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Тита Сривахуни Коссатита, Did фан-клубунун мүчөсү:
- Мен 62 жаштамын. Казак тилин үйрөнгөнүмө алты ай болду. Димаштын үнүн уккандан кийин казак тилине болгон сүйүүм күчөдү. Акырындык менен казак жазуучу-акындарын изилдей баштадым.
Рахмат Промоно, Индонезиянын Казакстандагы мурдагы элчиси:
- Димашты эл сүйөт, ошондуктан анын аудиториясы кыска убакыттын ичинде көбөйдү. Бүгүнкү иш-чарада биз көрүнүктүү инсан Мухтар Ауэзовдун чыгармачылыгы менен жакындан тааныштык. Бул өлкөлөрүбүздү жакындаштырып, анын негизинде башка тармактарда, маселен, бизнес өкүлдөрү ортосундагы мамилелерди мындан ары да жакшырта алабыз деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков