Алматыда
аяк оона айынын 7си 10у
күндөрү аралыгында BAIQONYR кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтөт. Муну
менен 8-ирет уюштурулуп жаткан салттуу иш-чаранын алкагында эки негизги мелдеш
пландалууда. Эл аралык сынакта 6 өлкөдөн 18 тасма, улуттук деңгээлдеги 20 тасма
сынга алынат. Мындан тышкары түрк элдеринин анимация жана атайын бейне баян тартуу багытында да мыкты иштер сунушталат. Студенттердин арасында эң
кызыктуу долбоорлор өзгөчөлөнөт. Сынактан тышкары программанын өзү толук болушу
күтүлүүдө. Кеңири масштабдуу иш-чаранын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн кино
серепчилеринин жана сынчыларынын II форуму өтөт. Анын ишине бир катар
өлкөлөрдөн 20дан ашык адистер катышууда. Форумдун алкагында белгилүү кино чеберлеринин
лекциялары, кино өндүрүшүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана жаңы
долбоорлордун бет ачары пландалууда. Эске сала кетсек, BAIQONYR сынагында
Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн 85 кинорежиссер жеңишке жетишкен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков