Берлиналенин баш байгеси казакстандык режиссёрго буйруду

Берлиналенин баш байгеси казакстандык режиссёрго буйруду

Казакстандык режиссёр Фархат Шарипов Берлин эл аралык фестивалынын баш байгесин жеңип алды. Чебердин «Схема» аттуу эмгеги «Generation» программасына сунушталды. Бул көпчүлүк жакшы кабыл алган «18 килогерц» трилогиясынын экинчи бөлүмү. Тасмада чындыктан четтеген өспүрүмдөрдүн тагдыры баяндалат. Башкы каармандарды дебютант-актёрлор ойношот. Быйыл Берлиналеге Казакстандын атынан «Акын» жана «Бакыт» тасмалары да катышууда.

Фархат Шарипов, режиссёр:

- Сценарий абдан татаал, аны тартуу учурунда өзгөртүп жаттык. Кайра жазып, толуктадык дегендей. Жумуштар ковид чектөөлөрүнө туура келип, бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Тартуу иштери бир жылга жакын созулду. Чыгармада чыныгы турмушта болгон окуяларды көрсөтүүгө басым жасадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков