Эми борбор калаанын тургундары жаңы жылда үйүнө жандуу жана экологиялык жактан таза балаты орното алышат. Быйыл Нур-Султан шаарынын агрономдору өздөрүнүн балатыларын сатыкка коюшту. Бүгүнкү күндө бул демилгени шаар калкы кеңири колдоого алууда. Анткени майрамдан кийин балатыларды кайра отургузса болот. Дарак өстүрүүчүнүн айтымында, бул жашыл карагайлардын кыйылышын азайтып, экологияны сактоого шарт түзөт.
Мейрам Курманов, «Жашыл жер» ЖЧК башкы агроному:
- Азыр Казакстандын аймагында канча тал кыйылып жатат? Аны кесип албаш үчүн аларды тирүү кармоо пайдалуу. Ошондой эле, анын тамыры кесилген балатыларга караганда атайын идиште турганы жакшы көрүнүш. Себеби, ийне жалбырактуу дарактардын жыты адамдын организмине абдан пайдалуу. Биз быйылкы жылы иш жүзүндө сатуу системасын баштадык. Бизге эч кандай пайда жок, биз үчүн эң башкысы ушул жашыл тилкени сактап калуу. Быйыл сатуу системасы жакшы жүрүп жатат. Быйыл 100 даана алдык, анын 70и сатылып кетти.
Шаар тургундары эко-жаңы жылдык балатыларды сатып алуу менен чектелбестен, аларды ижарага да ала алышат. Агрономдор карапа идиштеги балатыга кантип кам көрүү керектигин көрсөтүп беришет.
Мейрам Курманов, «Жашыл жер» ЖЧК башкы агроному:
- Бул балаты Сибирь балатысы деп аталат. Сибирь карагайы биздин питомникте өстүрүлөөрү белгилүү. Ушул эле жерден аяк оона айы-тогуздун айларында казылып, атайын идишке отургузулат. Бул Сибирь карагайы азыр уктап жатат. Алар аяк оона айынын аягынан тогуздун айынын башына чейин укташат. Ошол учурда биз аларды атайын идишке отургузуп, сатыкка коёбуз. Балатылардын бийиктиги бир метрден эки метрге чейин. Бир метрликти ижарага алса 18 миңден 25 миң теңгеге чейин, ал эми сатып алам дегендер үчүн 25 миңден 50 миңге чейин бааланууда.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатыларды жылуу жерге отургузууга такыр болбойт. Тирүү балатылар өлүп калышы мүмкүн. Ошондуктан адистер жер үйдө жашаган тургундарга сатып алууга кеңеш беришет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков