Казакстандын теннис боюнча курамасы Польша менен өтө турган мелдешке даярдыкты баштады

Казакстандын теннис боюнча курамасы Польша менен өтө турган мелдешке даярдыкты баштады

Алгачкылардан болуп Анна Данилина менен Юлия Путинцева чыгышты. Аларга Елена Рыбакина, Гозал Айнитдинова жана Жанель Рустемова кошулат. Казакстандык кыздардын атаандаштары да мелдешке даярдык көрүп жатышат. Эки команданын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.¤

Дэвид Целт, Теннис боюнча Польша курамасынын капитаны:

Казакстанга биринчи жолу келдик. Албетте, биздин теннисчилер казакстандык спортчулар менен беттешүүнү каалашат. Деген менен бул командалык оюн болгондуктан жеңишке жетүүгө болот. Биздин атаандаштарыбыз оңой эмес. Абдан тажрыйбалуу команда.

Ярослава Шведова, Теннис боюнча Казакстан курамасынын капитаны:

Өлкө намысын коргогон беттештерде күтүүсүз жагдайлар да болот. Ар бир команда жеңишке житиши мүмкүн. Атаандаштын курамына карабастан, биз толук жана күчтүү курамда даярданабыз.

Эске сала кетсек, чын куран айынын 14-15 күндөрү Астанада Билли Джин Кинг кубогунун тандоо туру өтөт.