Казакстанда отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү, ири мунай-газ жана
энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландар тууралуу бүгүн мамлекет
башчысына энергетика министри билдирди. Алмасадам Саткалиев жылытуу мезгилинин
жүрүшү тууралуу да отчет берди. Касым-Жомарт Токаев бул маселени энергетикалык
инфраструктураны модернизациялоо жана АЭСти куруу боюнча долбоорлорду ишке
ашырууну өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

