Абайдын 180
жылдыгы анын мекенинде белгиленди. Улуу казак акыны жана философунун юбилейин
Жидебайда тогуздун айынын биринде эле майрамдай башташкан. Казак жазма
адабиятынын негиздөөчүсүнүн туулган күнү – тогуздун айынын 10у – салтанат ойчул
жана философтун балалыгы жана калыптанышы жөнүндөгү спектакль менен башталды.
Майрамга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер конок болушту. Аларды
бул жерге тигилген 200 ак өргөөдө тосуп алышты.
Кама Сивор
Каманда, жазуучу / Конго Республикасы /
- Мен абдан
бактылуумун, анткени мен биринчи жолу Казакстанга келдим, мындай чоң иш-чарага
биринчи жолу катышам. Бул абдан кооз өлкө, абдан жакшы адамдар. Мен Абайдын
ырларын окуп, алардын экөөсүн котордум. Кийинчерээк бул ырларды Абайдын
юбилейине арналган антология үчүн түзөтөм.
Мааракенин
алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өттү - казак күрөшү, тогуз
коргоол, байге. Тажрыйбалуу чабандестер үч жарышта ат салышты. Салтанат чоң
концерт менен аяктады.
Которгон: Назира Бегалиева

