Астанада этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү Нооруз майрамын белгилеп жатышат

Астанада этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү Нооруз майрамын белгилеп жатышат

Өлкөнүн ар кайсы этносторунун өкүлдөрү да Улустун улуу күнүн салтанаттуу белгилешти. Казакстан элдери Ассамблеясынын аянты Нооруз майрамында өнөрдүн ордосуна айланды. Бул жерде катар-катар боз үйлөр тигилип, алты бакан орнотулду. Коноктор дасторкондон даам татышты. Ар кайсы этностордун өкүлдөрү улуттук тамак-аштарын сунушташты. Салт-санаанын үлгүлөрүн көрсөтүп, каада-салтты жаңыртышты. Этномаданий борборлор бардык көркөмдүгү менен улуттук кийим үлгүлөрүн көрсөтүп, обондуу, көркөмдүү программада салттуу ырларын ырдап, бий бийлешти.

Садык Тилеген, Казакстан элинин ассамблеясынын мүчөсү:

– Бул жерде динине, дилине, тилине карабай, бардык улуттар үчүн орток майрам. Бүгүн тек гана Чыгыш эли, тагыраак айтканда мусулман элдеринин өкүлдөрү эле эмес, Европа элдеринин өкүлдөрү да, алардын элчилери да келип жатышат. Алар Казакстанда жашагандыктан, өлкөнүн каада-салтын сыйлагандыктан, бул майрамдын баары жалпы улуттук майрам деп кабыл алышаарына эч кандай шек келтирүүгө болбойт.

Ал эми спорттук аянтчада гира көтөрүү, кол күрөш, казак күрөшү, аркан тартыш, чүкө атуу улуттук оюндарынын мелдештери өттү.

Саламат Акикат, мелдештин катышуучусу:

– Чүкө атууда чийинге 15, 16 чүкө коюлат. Сака алып, аны атасың. Эгер ал тегеректен чыкпай калса, аны таманга өлчөйсүң. Аралык бир тамандан ашса, анда 5 кадам артка чегинип, кайрадан атасың. Эгер таман болуп турса, аны тегеректен чыгаруу үчүн атууга аракет кыласың.

Которгон: Илгиз Жамалбеков