Аль-Фараби кол жазмасынын көчүрмөсү жарыкка чыкты

Казакстанда Абу Наср Аль-Фарабинин кол жазмасынын көчүрмөсү жарыкка чыкты. Улуу ойчул, философ, илимпоздун «Музыка чөйрөсүнө киришүү» аттуу эмгегинде музыкалык искусствонун принциптери, негизги терминдери жана музыкалык аспаптардын категориялары, ар кыл обондордун чыгармалары камтылган. Окумуштуунун эмгегинин түп нускасын кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү китептер улуттук борборунун адистери Түркияга болгон иш сапарында Сүлеймания китепканасынан табышкан. Улуу окумуштуунун эмгеги үч бөлүктөн, 240тан ашык барактан турат. Ал 13-кылымда басылып, араб тилинде жазылган.

Жансерик Бейсенкулов, кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун калыбына келтирүү-консервация иштери болүмүнүн адиси:
- Бул китептин айрым беттери атайын италиялык дизайнердик кагазга басылып чыкты. Андан кийин бир блокко бириктирилип, тизмектөө ыкмасы менен тигилди. Ал эми мукабалоо үчүн 3 мм картон кагазы жана кочкул кызыл малдын терисинен жасалган табигый булгаары колдонулду. Мукабалоодо китептин бетине атайын декоративдик жасалгалоо ыкмасы колдонулду. Андан кийин китептин четтери кочкул-кызыл түскө боёлду.

Улуттук кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү китептер борборунун адистери “Архив-2025” долбоорунун алкагында Орусия, Татарстан жана Башкортостан Республикалары, Түркия, Венгрия, Индия, Иран Ислам Республикасы, Египет жана Катарда 11 илимий-изилдөө иштерин жүргүзүштү. Ал жерде архивдерди жана музейлерди, китепканаларды кыдырып, өлкөгө тарыхый документтердин көчүрмөлөрү алып келинди. Учурда алар изилденип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков