Бай мамлекеттин маданий мурасын калыбына келтирүү. Казакстанда аялдардын ишкердигин жана ата мекендик кол өнөрчүлөрдү колдоо долбоору башталды. «Born Nomad» аттуу изги демилге ата-бабалардын турмуштук салтындагы илгертен келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактап, заманга ылайык өнүктүрүү аркылуу тышкы рынокко алып чыгууну көздөйт.
Айка Алеми арт, «Born Nomad» долбоорунун мүдүрү:
- Бул долбоор бизнести колдоо максатында колго алынды. Тактап айтканда, биздин кол өнөрчүлөрдү колдоо. Ата мекендик кол өнөрчүлөргө жогорку сапаттагы өнүмдү иштеп чыгууга, өз эмгектерин туура иштетүүгө, улуттук брендге айланган буюмдарды чыгарууга үйрөтүү менен катар жергиликтүү жана тышкы базарларга чыгарып киреше булагына айландырууга көмөктөшүү. Болбосо, бул кол өнөрчүлүк катары гана каралат. Биз маданий кодубуздун жана улуттук көркөм өнөрүбүздүн уникалдуулугун кеңири жайылта билишибиз керек.
Ата мекендик дизайнер Дана Ашимова долбоорго кызыккандардын бири. Ага катышуу үчүн арыз берген. Чебер улуттук өңүттөгү көйнөк, баш кийим, кемсел тигип, кийизден ар кандай зер буюмдарды жасайт. Ошондой эле курак техникасын да өздөштүргөн. Мода дүйнөсүнө келген 6 жыл ичинде казакстандык модельер ондогон ири мода иш-чараларына катышууга жетишкен. Евразия Дизайнерлер Союзу менен Эл аралык Кол өнөрчүлөр Бирлигинин мүчөсү.
Дана Ашимова, дизайнер:
- Бул долбоорго катышуу, биринчи кезекте, моралдык жактан колдоо болот. Мен бүгүнкү өнөр кербени көчүнөн калгым келбейт. Бардык катышуучулар менен бирдей даражада иштегим келет. Улуттук стилде панно жасап чыгаргым келет. Айрымдар кийиз же жамаачылык техникасы башкалардын чеберчилиги дешет. Мен ага кошулбайм. Бул биздин байыртан келе жаткан төл өнөрүбүз. Учурда аны жаңыртып жатабыз. Эски стилди сактап, заманбап жол менен жаңы баскычта өнүктүрүп жатабыз.
Бул ири долбоордун катышуучулары кол өнөрчүлүк буюмдарын онлайн платформа аркылуу көпчүлүккө таанытып, кеңири жайылта алышат. Анын алкагында улуттук таланттар сынагын уюштуруу пландалууда. Улуттук долбоордун жеңүүчүлөрү акчалай же баалуу сыйлыктар менен эмес, экспорттук келишимдер менен да сыйланат. Масштабдуу форум жана фестиваль өткөрүлөт. Белгилей кетсек, долбоор «Атамекен» УКПнын жана АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков