Казакстанда ички туристтердин саны 11 миллионго чейин көбөйөт

Казакстанда ички туристтердин саны 11 миллионго чейин көбөйөт

Казакстандагы ички туристтердин саны 11 миллион адамга чейин жетет. Маданият жана спорт министрлиги мындай көрсөткүчтөргө 2030-жылга чейин жетүүнү көздөөдө. Мекемеден белгилегендей, өлкөсүндө эс алууну жактырган казакстандыктардан тышкары, Улуу Талаа өлкөсүнүн кооздугу чет өлкөдөн келген конокторду да өзүнө тартып турат. Жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, жыл башынан бери Казакстанга туристтердин агымы 11%га өскөн. Бизге көбүнчө Орусия, Түркия, Таиланд, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Грузиядан саякатчылар келишет. Жалпысынан эксперттер 2030-жылга чейин Казакстанга 4 миллионго чейин чет элдиктер келет деп болжолдошууда.

Акмарал Менлибек, маданият жана спорт министрлигинин алдындагы комитет башкармалыгынын башкы серепчиси:

Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи чейрегинде жайгаштыруу мекемелери тейлеген ички туристтердин саны бир миллион 348 миң адамды түздү. Ошол эле учурда жайгаштыруу мекемелери тейлеген чет элдик туристтердин саны 228 миңге жетти. Ошондой эле жыл аягына чейин ички туристтердин саны 9 миллион адамды, чет элдик туристтердин саны бир миллион 400 миң жаранды түзөт деп болжолдоп жатабыз. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде эң көп туристтер келген аймактар ​​болуп Алматы, Астана, Шымкент жана Атырау облустары саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков