Казакстандык окуучулар NASA сынагында мыкты атылышты

Казакстандык окуучулар NASA сынагында мыкты атылышты

Эки казакстандык мектеп командасы Space Settlement Contest боюнча эл аралык сынакта жеңишке жетти. Иш-чара НАСА жана АКШнын Улуттук космос коому тарабынан уюштурулган. Беделдүү сынакка дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 26 миңден ашык окуучулар катышты. Сынакта 1-орунду атамекендик «YURT» долбоору жеңип алды. Ал Юпитердин орбитасында 30 миң кишиге ылайыкталган автономдуу станцияны түзүүгө арналган.

Анастасия Цой, 9-класстын окуучусу:

- Долбоордун өзгөчөлүгү-биз ар кандай энергия булактарын колдонобуз. Мындан тышкары, бизде Каллисто менен Ганимедге коно турган кошумча кемелерибиз бар. Жок дегенде 300 жылдан кийин биз келечектеги илимпоздор жана инженерлер бул долбоорду реалдуу космос станцияларын куруу үчүн колдонушат деп кыялданабыз.

Сынакта казакстандык дагы бир «Икарус» долбоору экинчи орунду ээледи. Бул Юпитердин ири жандоочу Ганимеддин орбитасында станция түзүүгө арналган. Белгилей кетсек, ата мекендик мектеп окуучуларынын эки долбоору тең жасалма гравитация жана автономдуу жашоо системасы менен жабдылган.

Серик Акылбек уулу, Таланттуу балдар менен иштөө жана олимпиадалык резерв боюнча координатор:

- Бул командалык иш болуп саналат. Окуучуларыбыздын ар тараптуу билимдери болушу керек. Стема багытында, мисалы, физика математика информатика, технология предметтерин өздөштүрүү керек болот. Бул окуучуларыбыз эми Орландодо өтө турган АКШ конференциясына жолдомо алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков