Казакстанда «Бухара-Орал» магистралдык газ
түтүгүнүн жаңы линиясынын курулушу башталды. Ири долбоордун баасы болжол менен
43 жарым миллиард теңгени түзөт. Бул каражат 165 километр газ түтүктөрүн
курууга жумшалат. Объектти 2024-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Жаңы
тармак Актөбе шаарында көгүлтүр отун керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу болгон
инфраструктуранын жүгүн бир кыйла азайтууга шарт түзөт. Мындан тышкары, жалпы баасы 3 триллион теңгеден ашык 17 ири инвестициялык
долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Жалпысынан, Актөбе шаарына жакын
аймактар азыр газ менен «Бухара-Орал» эки линиясы жана магистралдык газ
түтүктөрү, кошумча түрдө «Жаңажол-Актөбе» магистралдык газ түтүктөрү аркылуу
камсыздалат. Облустун экономикасы өсүп, жаңы ири долбоорлор ишке ашырылууда.
Муну менен катар жаңы үйлөр пайдаланууга берилүүдө. Ошондуктан, муктаждык дагы
эле чоң. Бул багытта биз абдан маанилүү инвестициялык долбоорду ишке ашырып
жатабыз. Бул долбоорду быйыл жана кийинки жылы толук каржылашыбыз керек. Андан
кийин жылдык кубаттуулугу 2,4 миллиард куб метр газ облустун экономикасына,
Актөбе шаарына жана анын айланасындагы ири долбоорлорго берилет.
Мындан тышкары, «Актөбө-Карабутак-Улгайсын» автожолунун жүгүн азайтуу пландалууда. Бул “Батыш Европа-Батыш Кытай” эл аралык транспорт коридорунун Казакстан аркылуу өткөн бөлүгү. Бул участокто кыймылдын ылдамдыгы абдан жогору. Күнүнө 16 000ге жакын темир тулпар саякатка чыгат. Алардын 4 миңи жүк ташуучу унаалар. Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө 262 чакырым эки тилкеден төрт тилкеге чейин кеңейтилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков