Кышкы Олимпиада оюндарына Казакстан 228 миллион теңге коротот. Бирок бөлүнгөн каражаттын көлөмү дагы өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу атайын брифингде Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Андрей Крюков билдирди. Белгилей кетсек, Кытайда өтө турган мелдештерде өлкөнүн намысын 34 спортчу коргойт. Жолдомолордун көбүн лыжачылар утуп алышкан. Учурда ата мекендик спортчулар илдеттин алдын алуу үчүн атайын карантинге алынган машыгуу аянтчаларында машыгууда.
Андрей Крюков, Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы:
- Учурда бардык спортчулар карантиндик аймактарда машыгуунун акыркы этабынан өтүшүүдө. Алардын экөө Казакстанда, үчөө чет өлкөлөрдө жайгашкан. Шорт-трек жана коньки тебүү боюнча командалар Алау муз сарайында машыгышууда. Алматыда фристайл-могул, лыжа жарышы, тоо лыжасы, лыжадан секирүү боюнча машыгуулар өтүүдө. Ал эми Шымбулак базасы могулчуларга арналган.
Бээжинде кышкы Олимпиада оюндарына даярдыктар жүрүп жатат. Кытай Эл Республикасынын борборунда дүйнөлүк мелдештердин ачылышына даярдык иштери аяктады. Ага 4 миңге жакын адам катышты. Алдыда боло турган иш-чарага күбө болчу көрүүчүлөрдү бир жарым сааттык кызыктуу программа күтөт. Укмуштуудай шоу кытайлык белгилүү режиссёр Чжан Имоунун жетекчилиги алдында өтөт. Ал 2008-жылкы Олимпиаданын конокторун өзүнүн таланты менен таң калтырганы белгилүү.
Ван Цзюнь, Бээжиндеги 2022-жылкы Олимпиаданын ачылыш жана жабылуу салтанаттарын уюштуруу департаментинин башчысы:
- Майрамдык иш-чараларга атайын кесипкөй труппаларды жана башка актёрлорду тарткан жокпуз. Буга чейин Олимпиадада мындай команда болгон эмес. Бул ачылыш аземине болгон даярдык ар бир катышуучунун эсинде өмүр бою сакталат деп ойлойм.
Ачылыш аземи бирдин айынын 4нө белгиленген. Ага эки күн калганда көрүүчү Олимпиада отунун эстафетасын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Иш-чарага бир миң эки жүз адам тартылган. Уюштуруучулар ошондой эле Юн-Дин дарыясынын жанындагы Пекин кышкы Олимпиадалык паркында
Олимпиада отун алып жүрүү үчүн өзүн-өзү башкарган унааларды, ал тургай амфибия роботторун колдонушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков