Катышуучулар Astana Hub аянтчасында серепчилерге жана инвесторлорго өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун тааныштырды. Сынакты жасалма интеллект аркылуу чоң маалыматтарды талдоо боюнча Presight AI компаниясы менен Аstana Hub эл аралык технопаркы биргелешип уюштурду. Белгилей кетсек, сынак жасалма интеллект, чоң маалыматтар жана унаа үйрөнүү чөйрөсүндөгү стартап-идеялардын деңгээлин көтөрүүгө жана бизнестин чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган. Сынакка 50дөн ашык арыз түшкөн, анын ичинен 11 стартап финалдык беттешке өттү. Алар калыстар тобуна өз долбоорлорун сунуштап, кесипкөй кеңештерди, сунуштарды жана дараметтүү өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк алышты. Alakan, Relive жана ARA стартаптары үч негизги номинацияда тең жеңип, тиешелүү түрдө каржылык сыйлыктарга ээ болушту. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын үчтүн айында Astana Hub БАЭнин Presight.AI компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Бул келишимге ылайык, Presight.AI Казакстандын, Борбордук Азиянын, Азербайжандын жана Монголиянын технопарк катышуучуларынын стартап долбоорлоруна Жакынкы Чыгыш жана Африка рыногуна чыгууга жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков