Мажилис биологиялык коопсуздук тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Мажилис биологиялык коопсуздук тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Өлкөдө кооптуу патогендерди мыйзамсыз колдонуу, сатуу жана уурдаганы үчүн кылмыштык жоопко тартуу жазасы киргизилет. Мындай чаралар Мажилистин депутаттары биринчи окууда жактырган биологиялык коопсуздук боюнча жаңы мыйзам долбоорунда каралган. Документти Мажилиске саламаттык сактоо министри Алексей Цой тааныштырды. Долбоор үчүн өлкө казынасынан 25 миллиард теңге каралган. Каржы профилдик кызматкерлердин социалдык жактан коргоо, мамлекеттик лабораториялык базаны кошумча жабдуу, биологиялык коопсуздук чөйрөсүндө бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү жана микроорганизмдердин коллекциясын жүргүзүү чыгымдарын камтыйт. Жалпысынан документтин тиркелген варианты 13 мыйзам актысына, анын ичинде 3 кодекске жана 10 мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карайт. Алексей Цой жаңы мыйзам долбоорунун алкагында өлкөнү кооптуу патогендерден жана өндүрүштүк микроорганизмдерден биологиялык коргоонун жаңы ыкмалары жана эрежелери тууралуу да белгилеп өттү.

Алексей Цой, РКнын Саламаттык сактоо министри:

- Аларды сактоонун жолдору атайын нормативдик-укуктук актылар менен бекитилет. Анда сактоону уюштурган учурдан тартып тиешелүү чаралар, объекттин өзүн коргоо үчүн зарыл болгон шарттар, температуралык талаптар, материалдык-техникалык камсыздоо, жеткирүү эрежелери, патологиялык агенттерди түз сактоочу базага ташуунун жолдору көрсөтүлөт. Ички иштер министрлиги аркылуу коопсуздук уюштурулат. Башкача айтканда, бардык ченемдик укуктук актылар так жазылып, ар бир кадам жана иш-аракеттердин алгоритмдери, анын ичинде объектилердин коопсуздугуна тиешелүү конкреттүү талаптар коюлат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков