Кезектеги шамал электр станциясынын курулушун Жетисуу облусунда баштоо пландаштырылып жатат. 1 ГВт кубаттуулуктагы объектти 2025-жылы куруу көздөлүүдө. Тиешелүү келишимге өлкөнүн өкүлдөрү менен Сауд Аравиясынын ортосунда кол коюлду. Долбоорду ишке ашырууда Казакстандын «жашыл» экономикага өтүү Концепциясында бекитилген максаттарга жетишүү, кошумча инвестицияларды тартуу, ошондой эле «жашыл» электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков