Павлодар облусунда археологдор сак көчмөндөрүнүн коло бычактарын тапты

Павлодар облусунда археологдор сак көчмөндөрүнүн коло бычактарын тапты

Павлодар облусунда сак дооруна таандык сейрек кездешүүчү буюмдар табылды. Бул – эки коло бычак. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, алар аймакта табылган ушул металлдан жасалган эң байыркы буюмдардын бири. Белгилүү болгондой, канжарлар байыркы технология боюнча куюлган.


Аскар Абилдин, Маргулан университети археологиялык изилдөөлөр институтунунун илимий кызматкери:


- Бул экспонаттарга карап, бул аймакта эрте темир доорунда эле жез эритүү иштери жүргүзүлгөнүн көрүүгө болот. Ошол убакта металл менен иштөөнүн өзгөчө мезгили болгонун ачык айта алабыз.


Ошондой эле, Маргулан университетинин студенттери жайкы талаа практикасы учурунда Торайгыр көлүнүн жанындагы коргондордон Тасмола маданиятынын өкүлдөрүнүн калдыктарын табышты. Алар жерге берилген адамдын жынысын, жашын жана антропологиялык мүнөздөмөлөрүн аныктай алышты.


Дилда Садуакасова, Студент:


- Тал жашиктеги адам сөөгү эмбрион абалында жаткан. Биринчи катмар топуракта сак дооруна таандык адам сөөгү табылды. Экинчи топурак катмарынан андрон маданиятына таандык байыркы адам сөөктөрү табылган. Ушул казуу иштеринде биз эки маданияттын бириккенин көрөбүз.


Елена Тушева, Археологиялык фонддорунун башкы сактоочусу:


- Бул – өзгөчө табылга. Буга чейин Павлодар облусунун аймагында онго жакын ушундай буюмдар табылган. Алар бул аймактын тарыхын, түндүк-батыш Сары-Арка жана Павлодар аймагына тиешелүү Эртиш өрөөнүнүн аймагында металлургиянын кандай өнүккөнү тууралуу маалымат берет.


Белгилей кетсек, Маргулан университети Баянаул аймагында 10 жылдан ашык изилдөө жүргүзүп келет. Адистер табылган буюмдар Борбордук Азия талаасындагы маданий үндөштүктү көрсөтөт дешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков