Казакстанда 65 товардык-сүт фермасы салынууга тийиш. Учурда 20 объект иштеп жатат. 24 долбоор боюнча курулуш иштери аяктоодо. Алардын ичинен эң көп саны Түндүк Казакстан облусунда жүзөгө ашырылууда. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жылы аталган аймакта товардык-сүт фермаларын курууга жеңилдетилген насыя берүү жана чоң долбоордогу аймактын тажрыйбасын башка региондорго жайылтуу башталган. Бир нече облустарда мал чарба комплекстери курулуп жатат. Тактап айтканда, Алматы аймагында 12 объект салуу пландалууда. Акмолада 7, Павлодар менен Чыгыш Казакстан облустарында 6, ошондой эле бешөө Костанайда, төртөө Батыш Казакстанда жана Актөбеде дагы бир товардык-сүт фермасынын курулушу жүрүп жатат. Ал эми Түркестан, Абай жана Жетису аймактарында жети долбоор толугу менен ишке ашырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков