2022-жылдын тогуз айында агроөнөр жай комплексинин дүң продукциясы 6 триллион 800 миллиард теңгени түздү. Ал дээрлик 7%га өстү. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Ербол Карашукеевдин айтымында, мындай көрсөткүчтөр мал чарбачылыгынын көбүнесе өсүмдүк өстүрүүнүн өсүшүнүн натыйжасы. Айта кетсек, бүгүнкү күндө дан эгиндерин жыйноо иштери тиешелүү бөлүм башчынын айтымында, жыйынтыкталып жатат. Ал эми өлкөнүн беш аймагында - толугу менен бүттү.
Ербол Карашукеев, Казакстандын айыл чарба министри:
- Тогуздун айынын 10уна карата облус акимчиликтеринин оперативдүү маалыматы боюнча 15,9 миллион гектар эгиндер орулуп, 21,6 миллион тонна дан жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарынан 13,5 центнерди түздү. Мал чарбачылыгында тирүү салмакта эт өндүрүү 0,7%, уйдун сүтү 1,8%, тооктун жумурткасы 5,3%га өскөн. Региондордун контекстинде айыл чарбасынын дүң продукциясынын физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темптери 4 облуста республикалык көрсөткүчтөн жогору болгон. Костанайда, Акмолада, Маңгыстауда, Түштүк Казакстанда. Тамак-аш өндүрүшү көрсөтүлгөн мезгилде 3,7%га жеткен.
Айыл чарба тармагы дагы эле инвесторлор үчүн жагымдуу. Алсак, бирдин айынан аяк оона айына чейин негизги капиталга инвестиция 7,5 пайызга өсүп, болжол менен 599 миллиард теңгени түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков