Алматыга Кытайдын Сиань шаарынан алгачкы туристтик поезд келди. Достук темир жолу аркылуу Кытай Эл Республикасынын туризм, илим, медицина, спорт жана маданият тармагынын 250дөн ашык өкүлдөрү келишти.
Цзинь Чу Бо, турист:
- Бул менин Алматыга алгачкы сапарым. Мага шаар жана анын эли абдан жагат. Алматынын жаратылышы, меймандостугу таң калтырды. Биздин алдыбызда мазмундуу программа күтүп турат деп ишенем. Бул келечектеги ийгиликтүү кызматташуунун башталышы деп эсептейм.
Улуу Жибек жолунун башталышы болгон байыркы Сиань учурда тарыхый жолду заманбап форматта жандандырууда. Бул сапар өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Нуртас Карипбаев, Туризм жана спорт министрлигинин туризм индустриясы комитетинин төрагасы:
- Бизде учурда Кытай менен визасыз режим бар. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөбүзгө 700 миңге жакын кытайлык турист келген. Биз алардын экономика үчүн канчалык маанилүү экенин билебиз. Анткени ар бир келген кытай жараны 1500 доллардан ашык коротот. Бул өлкөнүн экономикасына жардам дегенди билдирет.
Алматы-Сиань багытындагы поезддер келерки жылдан баштап ай сайын каттайт. Белгилей кетсек, «Достук» темир жол курамы Кытайдын Казакстандагы туризм жылынын алкагында түзүлдү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

