Чет элдик инвесторлор казакстандык стартапка 450 миң доллар каражат бөлдү

Чет элдик инвесторлор казакстандык стартапка 450 миң доллар каражат бөлдү

Казакстандык стартаптардын өнүгүүсү эл аралык инвесторлордун кызыгуусун жаратты. Ата мекендик стартаптардын долбооруна чет өлкөдөн жарым миллионго жакын доллар каражат тартылган. Иштеп чыгуучулар чет өлкөлүк венчурдук компания тарабынан бөлүнгөн каражаттарды Түштүк -Чыгыш Азиянын рынокторуна чыгуу үчүн жумшоону көздөшүүдө. Белгилей кетсек, стартаптардын иши-бул чакан жана орто бизнеске арналган сервис, ал кадрларды башкарууну абдан жөнөкөйлөтөт. Алдыдагы убакытта компания жалданма жумушчуларжы ыкчам жайгаштыруу каражаттарын, ошондой эле башка да бир катар кызматтарды сунуштоону мерчемдеп жатат. Бул чечимдер жумуш берүүчүнүн жана кызматкерлердин талаптарына тез жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жайында гана компания акыркы үч жылга караганда 3 эсе көп кардарды каттай алган. Бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты дүйнө жүзү боюнча 1200 компания жана 40 миңден ашык колдонуучулар тандады. Платформа Индонезияда, Индияда, Филиппинде, Орусияда, Украинада жана Өзбекстанда популярдуу боло баштады.

Арман Ерназаров, өнүм боюнча мүдүр:

- Биз жасаган өнүмдү жакшырттык. Мунун аркасында эффективдүүлүк жогорулады. Башкача айтканда, бул түзмөк жумуш убакытын эсепке гана алып келген болсо, учурда жалданма жумушчулары бар HR өнүм болуп саналат. Анткени, бардык атаандаштыкка жөндөмдүү түзмөктөр кеңсе кызматкерлеринин ишине багытталган. Ал эми жыл сайын саны артып келе жаткан жалданма жумушчулар автоматташтыруу, убакытты эсептөө, табелдөө, бизнес байланыштарды жана башка кызматтарды айланып өтүүдө. Ошол себептен биз финансылык суроолор,, аванс төлөө өтүнүчтөрү сыяктуу толук кандуу бизнес коммуникацияны коштук. Акыркысы жалданма жумушчулар үчүн абдан маанилүү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков