Айыл чарба министрлиги: Казакстан Түркияга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр

Айыл чарба министрлиги: Казакстан Түркияга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр

Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев билдирди.

Ербол Карашукеев, Казакстандын айыл чарба министри:

Боордош өлкөгө жардам берүү биз үчүн маанилүү. Зарылчылык жаралса, жардам беришибиз керек. Биз жардам берүүгө даярбыз. Бул үчүн Түркиядан атайын кайрылуу жолдонушу керек. Бизде эл аралык гуманитардык жардам көрсөтүүчү фонд бар.

Эске салсак, казакстандык куткаруучулар жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга учуп кетишкен. Анын курамында куткаруучулар, кинологдор жана республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медициналык дарылоо борборунун дарыгерлери бар. Буга чейин белгилүү болгондой, бирдин айынын 6да Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жолку жер титирөө катталган. Режеп Тайып Эрдоган Түркияда жалпы улуттук аза күтүү жарыялады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков