Абай облусунда өрттү өчүрүү иштери уланууда

Абай облусунда өрттү өчүрүү иштери уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иш күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Анын үстүнө жакын жайгашкан конуштарга коркунуч жок. Тартылган бардык күчтөр жана каражаттар өрттүн айылдарга жайылышын алдын алууга багытталган. Ошондой эле, өрткө каршы дистанцияны жана минералдаштырылган тилкелерди куруу, жалындын периметри боюнча четтерине суу куюу, өрттүн четин жабуу жана топурак менен толтуруу иштери улантылууда. Тилсиз жоону өчүрүүгө 1800дөй адам жана 350дөн ашык техника тартылган. Мындан тышкары аскердик авиациянын тик учактары абадан байкоо жана суу чачуу иштерин жүргүзүүдө. Өрт башталгандан бери 5400 тонна суу колдонулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков