Украинадан Польша аркылуу эвакуацияланган казакстандыктарды ташыган үчүнчү репатриациялык рейс Нур-Султанга келди. 133 жүргүнчү, анын ичинде балдар жана эки кыргызстандык болгон учак түнү аэропортко конду. Эске сала кетсек, биринчи рейс бирдин айынын 28де Алматыга, экинчиси жалган куран айынын 1-күнү борборго учуп келген.
Блиц:
- Баары жакшы өттү. Казакстан бизге болушунча жардам берди. Конокко барып, ушундай абалга туш болдум.
- 24 күнү эртең менен Киевде жардырууларды уктум. Согуш башталганын жарыялады. Каякка барарыбызды билбей калдык, бардык жерлер, аэропорттор жабык болду. Эл ар тарапка качып жатты, тыгындар көп, барар жерибиз жок, ошол жерге кондук, түнү жарылуулар болду, аябай коркуп калдык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков