Казакстанда жаңы сервис пайда болду

Казакстанда жаңы сервис пайда болду

Казакстанда белгилүү жумуш орундары боюнча кошумча көндүмдөрдү үйрөнүүгө мүмкүндүк берген жаңы сервис пайда болду. Жаңы кызмат Казакстандын санариптик иш менен камсыз кылуу экосистемасында ишке кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди. Ал 900 сабак боюнча топтоштурулган 50дөн ашык ийкемдүү жана 8 миңге жакын кесиптик көндүмдөрдү камтыйт. Эгерде арыз берүүчүнүн тиешелүү тажрыйбасы жок болсо, система автоматтык түрдө Skills Enbekте кыска мөөнөттүү окуудан өтүүнү сунуштайт. Онлайн окутуу платформасында курсту ийгиликтүү аяктагандан кийин, тажрыйбаны арттыргандыгы тууралуу сертификат берилет, ал системада автоматтык түрдө көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков