Казакстанда Президент
жарыялаган жумушчу кесиптер жылы алкагында эмгек адамынын макамын жогорулатуу
каралууда. Өкмөт атайын иш-чаралардын планын бекитти. Документке жалпысынан 7
багыт жана атамекендик адистерди колдоо механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган
70 кадам киргизилген. Анын алкагында транспорт тармагында жана айыл жергесинде
кадрлардын тартыштыгына бизнести тартууга жана адистерди кайра даярдоого өзгөчө
көңүл буруу мерчемделип жатат. Белгилей кетсек, Өкмөттүн жыйынында өлкөдө
жумушчу кесиптердин жылын өткөрүү боюнча көптөгөн иш-чаралар айтылды. Мисалы
окуу-агартуу министрлигинин маалыматына караганда, быйыл Казакстанда «Түркскилз»
алгачкы кесиптик чеберчилик чемпионаты өтөт. Ал эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун
мүчөлөрүнүн катышуусу менен башкача айтканда, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда уюштурулат.
Ошондой эле Астанада улуттук компетенциялар борборун түзүү жана өлкөнүн 10
колледжин интернационалдаштыруу колго алынмакчы.
Гани Бейсембаев, Окуу-агартуу министри:
- Анын негизги максаты-казакстандык колледждердин глобалдык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана билим берүү программаларынын эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыздоо. Менеджменттин мыкты эл аралык тажрыйбасын киргизүү үчүн чет өлкөлүк менеджерлерди тартуу менен колледждерди башкаруунун дүйнөлүк алдыңкы моделдерин киргизүү ишке ашырылат. Мындан тышкары, бул иштин алкагында биздин мугалимдер чет өлкөлүк колледждер менен тажрыйба алмашуу аркылуу кесиптик деңгээлин жогорулатышат. Ал эми студенттер академиялык мобилдүүлүк тартибинде бул окуу жайлардагы билимин өркүндөтүшөт.
Тармактык министрликтин маалыматы боюнча, эмгекке
жарамдуу казакстандыктардын жарымынан көбү кесиптик же техникалык билимге ээ.
Азыр транспорт, соода, өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы адистерге
суроо-талап жогору. Бул багытта Энергетика министрлиги дагы бир катар жаңы
демилгелерди колго алды. Алсак, 99 долбоорду ишке ашыруунун алкагында
отун-энергетикалык комплекс секторунда 2030-жылга чейин Казакстанда 83 миңден
ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт. Мындан тышкары, тармактык ишканаларда
2029-жылга чейинки аралыкта өкмөт башчы кадрларга болгон жалпы муктаждык
тууралуу маалымат берди.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Өнөр жай, энергетика, транспорт, айыл чарба, суу ресурстары министрликтерине ишканалар, акимиаттар жана үй-бүлөлүк банк менен биргеликте жумушчу кадрлар үчүн ипотекалык жана ижаралык турак жай боюнча жеңилдетилген программаларды ишке киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырам. Жалпысынан кызыкдар мамлекеттик органдар, акимиаттар, улуттук компаниялар жана ишканалар жумушчу адистиктердин жылын өткөрүү боюнча тармактык жана региондук пландарды сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылышы керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

