Айыл чарба министрлиги: Быйыл буудайдын түшүмү көбөйөт

Айыл чарба министрлиги: Быйыл буудайдын түшүмү көбөйөт

Быйыл дан эгиндери кыйла көбөйөт. Азыртадан эле түшүмдүүлүк 1 гектардан 0,7 центнерге өнүмдүүлүк көбөйөт деп болжолдоого мүмкүнчүлүк бар. Мындай позитивдүү божомолду айыл чарба министрлиги жарыялады. Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүн Орусиядан импорттоо маселесин чечүү боюнча оң таасирин тийгизет.  Эске салсак, буга чейин Орусиядан дан эгиндерин экспорттоого тыюу салынган. Айыл чарба вице-министринин айтымында, бул үрөндөр өлкө үчүн сортторду жаңыртуу жана алмаштыруу үчүн керек.

Абилхайыр Тамабек, Айыл чарба вице-министри:

- Бул кошумча 14 миң тоннадан ашык дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүн алууга мүмкүндүк берди. Казакстандык дыйкандар дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн келишим түзүлгөн партияларын алууга жол ачып, сорттук дараметти күчөттү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында жазгы талаа иштери башталды. Жалпысынан, ушул күнгө чейин дан эгиндери 11 миллион гектардан ашык жерге себилди.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков