Франкфурттагы Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Франкфурттагы Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Франкфуртта Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди баштаган делегация Германиянын каржы тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуулардын бири дүйнөдөгү эң ири биржа уюмунда өттү. Анда эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк маселеси талкууланды. Биринчи кезекте банк иши жана фондулук рынок маселелери тууралуу айтылды. Ошондой эле, Германиянын ири банктарынын өкүлдөрү, алдыңкы инвесторлор, концерн ээлери, ошондой эле каржы адистери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар менен таанышты. Негизги басым, албетте, «Астана» эл аралык каржы борборуна коюлду.

Кайрат Келимбетов, АЭКБнын башчысы:

- Келерки жылга көптөгөн пландар, долбоорлор бар. Франкфурт биз үчүн маанилүү. Немис компанияларын, КМШнын айрым өлкөлөрүнөн Казакстанга өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошону менен бирге климаттын өзгөрүүсү жаатындагы долбоорлорду каржылоо сыяктуу маселелер да көтөрүлдү. Буга немис каржы институттары кызыкдар. Келерки жылы биз Казакстандагы германиялык банктардан, ошондой эле долбоорлорду узак мөөнөттүү каржылоону камсыз кыла турган Hermes сыяктуу мекемелерден масштабдуу ири долбоорлорду күтөбүз.

Клаус Мангольд, каржы тармагынын серепчиси:

- Азыр мүмкүнчүлүктөрдүн учуру. Баары тез өзгөрүп жатат. Бул жагынан Казакстандын дарамети чоң экенин айтуу керек. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Негизги көңүл каржы рынокторуна бурулду. Биз Астана эл аралык каржы борбору менен Германиядагы эң маанилүү каржы платформасынын ортосунда кызматташуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенине ынандык. Бүткүл Борбордук Азия аймагы үчүн маанилүү платформа эл аралык кызматташтыктын натыйжасында жигердүү өнүгүп келе жатат. Бул бүтүндөй Борбордук Азия аймагына арналган аянтча десек да болот.

Казакстандын делегациясы чет элдик инвесторлорду, банкирлерди жана ишкерлерди бизнес-форумга чакырды. Аны кулжа айынын башында Астанада өткөрүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков