Казакстан аркылуу өткөн континенталдык багыттар атаандаштыкка жөндөмдүү экендигин көрсөттү. Быйыл транзит стратегиялык чектен бир миллион контейнерге, анын ичинде Азия-Европа багытындагы 700 миң жыйырма футтук эквиваленттен ашат, деп кабарлайт Казакстандын Соода министрлиги.
Бүгүнкү күндө өлкө Бажы жана логистикалык операцияларды оптималдаштыруу аркылуу эл аралык сооданы жандандырууга багытталган World Logistics Passport демилгесинде катталган 15 хабдын бири болуп саналат. Аталган программага кошулуу менен, Казакстан башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейте алат. Тактап айтканда, «Бир алкак, бир жол» демилгеси алкагында республиканын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жол ачылат, деп маалымдалат министрликтин билдирүүсүндө. Бүгүнкү күндө өлкө Борбор Азия чөлкөмүн жана Индия рыногун келечектүү багыт катары эсептейт. Республика экспорттук-импорттук жана транзиттик соода агымынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн инфраструктураны өркүндөтүү аркылуу региондун соода-логистикалык хабы макамын бекемдөөнү көздөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков