Казакстанда альтернативдик энергия булактары жана жашыл суутек өндүрүү борбору ачылат. Ал Маңгыстау облусунда жайгашкан. Тиешелүү макулдашуу Еврокеңештин башчысынын Астанага болгон расмий сапарынын алкагында жетишилди. Келишимге биринчи вице-премьер-министр Роман Скляр жана Шарль Мишель кол коюшту. Борбордун курулушун Хайрэйжа Уан компаниясы жүргүзүүдө. Өлкөгө инвестициянын жалпы көлөмү 20 миллиард еврону түзөт. Мындан тышкары инвестор облуска шамал жана күндөн электр станцияларын орнотот. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Тимур Сулейменов билдирди.
Которгон; Илгиз Жамалбеков