Жараяндарды жөнөкөйлөтүү боюнча тараптардын макулдашуусун бүгүн парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары ратификациялады. Тактап айтканда, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда маалымат алмашууну уюштурууну караган документ Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Макулдашуунун жоболору менен эл өкүлдөрүнө министрлер кабинети башчысынын орун басары, каржы министри Ерулан Жамаубаев тааныштырды. Анын айтымында, документте бажы көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу менен катар товарлар жана транспорт каражаттары боюнча маалыматтарды электрондук алмашуу аркылуу бажы көзөмөлүнүн мөөнөттөрүн кыскартуу каралган. Ишке мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчилик эки өлкөнүн бажы органдары тарабынан дайындалган компетенттүү кызмат адамдарына жүктөлөт. Ерулан Жамаубаев белгилегендей, пилоттук долбоор маалымат алмашуу үчүн атайын техникалык шарттар иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат. Ал эми кийинки этапта тараптар үзгүлтүксүз маалымат алмашууну башташат.
Ерулан Жамаубаев, Премьер-министрдин орун басары, каржы министри:
- Жалпысынан Макулдашуунун долбоору Тараптардын ортосундагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана оптималдаштырууга багытталган. Бул Макулдашууну ратификациялоо өлкөбүз үчүн терс социалдык-экономикалык жана укуктук кесепеттерге алып келбейт жана республикалык бюджеттен каражат бөлүүнү талап кылбайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков