Соода келечеги: Астанада казак экспорттоочуларынын форуму өтөт

Соода келечеги: Астанада казак экспорттоочуларынын форуму өтөт

Казакстан дүйнөлүк маркетплейстерге жигердүү чыгууда. Быйыл улуттук павильондор кытайлык Alibaba жана JD.com платформаларында өз ишин баштайт. Алар ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн товарларынан тарта IT кызматтарына чейин жайгаштырылат. «Qaz Trade» экспорттук акселерациялоо окутуу тобу жетекчисинин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы платформаларда, анын ичинде Алматы жана Дубайда катталган казакстандык стартаптар аркылуу ушундай долбоорлор ишке киргизилет. Оффлайн-сатуу жана көргөзмөлөр аркылуу ата мекендик бренддерди жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында соода үйлөрү иштейт. Москва эл чарбачылыгы жетишкендиктери көргөзмөсүндө жаңы павильонду ишке кошуу мерчемделип жатат. Ал эми Карагандыда жүктөрдү жана аба каттамдарын консолидациялоо мүмкүнчүлүгү бар логистикалык хаб түзүлүүдө.  Казакстандык экспортчуларга сунушталган жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу Астанада адистештирилген форумда кеңири талкууланат. Ал ушул аптада өз ишин баштайт. Анда ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсү да уюштурулат.  

Алмас Ихсанов, «QAZ TRADE» АК экспорттук акселерациялоо жана окутуу тобунун жетекчиси: 

- Форумдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кулжа айынын 11-13 аралыгында «Expo Goods Central Asia» көргөзмөсү менен катар  өтөт. Бул аянтчага биз ата мекендик бизнести, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартабыз. Масштабдуу иш-чарага чет элдик өнөктөштөрдөн тышкары, ири чекене сатуучулардын өкүлдөрү катышат. Биздин өндүрүүчүлөр чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бекем байланыш түзө алышат. Анын ичинде экспортко багытталган долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. 

Жалпысынан Казакстан кайра иштетилген өнүмдү тышкы рынокко чыгаруу боюнча жигердүү иш алып барууда. Алсак, 2024-жылы алардын экспорту 12%га көбөйүп, 28 млрд доллардан ашты. Негизги багыттардын катарына Орусия, Кытай, Германия, Өзбекстан жана Түркия кирет. Мындан тышкары, Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия рынокторун өздөштүрүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков