Казакстанда азык-түлүк өндүрүшү 10,5%га өстү

Казакстанда азык-түлүк өндүрүшү 10,5%га өстү

Казакстандын премьер-министринин төрагалыгы алдында Экономикалык саясат боюнча кеңештин бүгүнкү жыйынында инфляцияны ооздуктоо жана өлкөнүн жакынкы жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү чаралары талкууланды. Баалардын өсүшүн чектөө үчүн Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан чаралардын комплекси түзүлдү. Бул жерде негизги басым ички өндүрүштү көбөйтүүгө, тарифтик саясаттын болжолдуулугуна, негизги товарлардын баасын турукташтырууга жасалууда. Бул үчүн ички рынокту толтурган ата мекендик өндүрүүчүлөр биринчи кезекте мамлекеттен колдоо алышат. Башкаруунун негизинде соода үстөктөрүнө көзөмөл жүргүзүү да бар. Соода министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстан социалдык маанилүү азык-түлүктөргө атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды кармап турат. Бул үчүн тармактык бирикмелер менен меморандумдарга кол коюлуп, сезон аралыкта айыл чарба өнүмдөрүн чет өлкөдөн жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Жалпысынан алганда, беш айдын ичинде өлкөдөгү агроөнөр жай товарларынын көлөмү 4%га, ал эми тамак-аш өндүрүшү 10%дан ашыкка өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков